super.kg logo

Бишкекте туруктуу жашоочу жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү акциясы өттү (фоторепортаж)

 
Биринчи Май районунун аймагында 120га жакын селсаяк каттоодо турат.
Иш-чарага келген туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга юридикалык жардамдар да көрсөтүлдү. Юристтер алардын айрымдары 10 жылдан бери документтери жок жүргөндөрүн айтышууда.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон айымдар.
Бул эжелер бактын артына жашынып алып "булгаарыдан жасалган туфли экен" деп бут кийим тандап жатышты.
Биринчи Май районунун аймагындагы туруктуу жашоочу жайлары жок адамдар.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Иш-чарага келген туруктуу жашоочу жайлары жок адамдардын баары каттоодон өттү.
Ошондой эле алар медициналык кароодон өтүп, тиешелүү дары-дармектерди алышты.
Иш-чаранын катышуучуларына күрүч берилди.
Турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон адамдарга ысык тамак берилди.
"Мен бул жакта 15 жылдан бери келип-кетип жүрөм, уулум кайтыш болуп калган. Бир кызым бар, жубайым жок. Ден соолугума байланыштуу эч жерде иштебейм", - дейт Аман Дорзубаев.
Иш-чаранын катышуучуларына ысык чай жана таттуулар да таратылды.
Күчкө толуп турган кыргыздын жигиттери мындай абалга жетип калганын көрүп зээниң кейийт.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Социалдык колдоо көрсөтүү акциясынын алкагында катышуучуларга сезондук кийим-кечелер таратылды.
Социалдык колдоо көрсөтүү акциясынын алкагында катышуучуларга сезондук кийим-кечелер таратылды.
Социалдык колдоо көрсөтүү акциясынын алкагында катышуучуларга бут кийим да таратылды.
Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чокон Аламанов.
Биринчи Май райондук ИИМинин коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исаков.

Бишкекте бүгүн, 28-майда шаардык мэрия жана Биринчи Май райондук администрациясы “Коломто” муниципалдык мекемесинде туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө туруктуу жашоочу жайлары жок адамдарга юридикалык жардам көрсөтүлдү. Алар медициналык кароодон өтүп, кийим-кече жана бут кийимдер таратылып, ысык тамак берилди. “Биз 1-2 айдан бери интернет аркылуу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча маалымат берип, аларга жардам көрсөтүүнү каалагандарды чакырганбыз. Иш-чаранын негизги максаты - аларга жардам көрсөтүп, аларды нормалдуу жашоого кайтаруу. Ага биз атайын жеке клиникалардын психологдорун чакырганбыз. Ошондой эле иш-чарага юристтер да катышууда”,- дейт Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чокон Аламанов.

Иш-чарага катышкан “Кыргызстандын жаш юристтери” коомдук бирикмесинин юристтеринин айтымында, кайрылгандардын көпчүлүгү документтерин калыбына кантип келтирсе болорун сурашат. Арасында он жылдан бери документтери жок жүргөндөр да бар. Алардын негизги көйгөйү жумушка орношуу деп белгилейт юристтер. “Биринчи Май районунун аймагында жалпысынан каттоодо 120га жакын туруктуу жашоочу жайлары жок адамдар турат. Кечээтен баштап тескөөчүлөр тарабынан “Коломтого” 60ка жакын адам алынып келинди. Айта кетчү нерсе, бул катмардагы адамдарды көзөмөлдөө өтө татаал. Себеби алар башка райондорго деле өтүп кете беришет. Булар көбүнчө таштандылар чогулган жайларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, темир жана картон кагаздарын алуучу жайларда көп жүрүшөт. Биз аларды алып келгенде манжа издерин алып, сүрөткө тартабыз. Бул нерсе алар каза болуп калып таанылбай калган учурларда өздүгүн тактоо максатында жасалуучу иш-чара”,- дейт Биринчи Май райондук ИИМинин коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исаков.        

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын бөлүм башчысы Ренат Айтымбетовдун айтымына караганда, аталган акция бул жылы экинчи ирет өтүүдө. “Акциянын алкагында  социалдык колдоого муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүгө бир катар кайрымдуулук фонддору катышууда. Алар: “Жашоо фонтаны” коомдук кайрымдуулук фонду, “Кыргызстандын жаш юристтери”, “Эл агартуу”, “Ыйык рух”, “Укуктук жардам” коомдук уюму жана Кыргызстан жана Бишкек орус чиркөөсүнүн епархиясынын өкүлдөрү. Ал эми аталган мекеменин бюджети 3 миллион 600 миң сомду түзүп, 70 адамга эсептелинген”,- дейт Р.Айтымбетов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.05.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх жапжаш адамдардын ушул абалга кептелгенин карачы. Зээнинди кейитет да. Броосунон итервью алсанар сонунболмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: