Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык операцияларына 20дан ашуун кыргызстандык аскер катышууда
Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу операцияларына кыргызстандык 23 аскер катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык аскерлер Либерия, Судан жана Гаитиде кызмат өтөөдө. Тынчтык орнотуучулар жаңжал чыккан жерде атышууну токтотуу режиминин сакталышына гана көз салбастан, ошол өлкөнүн согуштан кийинки калыбына келүү аракеттерине да жардам берет. Кыргызстан мындай миссияларга катышып жаткан Борбор Азия ичинен биринчи, ал эми КМШ боюнча төртүнчү өлкө болуп эсептелинет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.