super.kg logo

Ош шаарында 13-июндан тарта жарманкелер, фестивалдар жана ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт

 

13-июндан тарта Ош шаары "КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору" макамына ээ болгондугуна байланыштуу шаарда республикалык деңгээлде иш-чаралар өтөт. Анда жарманкелер, фестивалдар жана ар кандай иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылыш аземи 13-июнь күнү болот. Андан соң “Байыркы жана азыркы Ош” деген аталышта сүрөт көргөзмө, “Искусство толеранттуулук үчүн” аттуу КМШ өлкөлөрүнүн скульпторлорунун арасында симпозиум, “Ош – кол өнөрчүлөрдүн шаары” деген аталыштагы фестиваль, жеткинчектер арасында “Ош - таланттардын мекени” аталышында сүрөт сынак, “Ош КМШ өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” деген сүрөт көргөзмөлөр жана Илимдер академиясы, Билим берүү жана илим министрлиги, окуу жайлар, мектептер катышкан эл аралык илимий симпозуим өткөрүлөт. Маданий борбордун ачылышы 13-июнда болсо, жабылышы бир жылдан кийин, июнь айында болот.

Кошумчалай кетсек, мындай макам “КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыктын маданий борборлору” мамлекеттер аралык чечиминде кабыл алынган. Шериктештикке Азербайжан, Орусия, Армения, Тажикстан, Беларусь, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Украина, Молдова мамлекеттери кирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: