Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы эркин күрөш боюнча Германияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат
Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасы 7-8-июнда Германияда өтүүчү "Гран-При" мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, мелдешке кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова (60 килограмм салмакта) менен Розалия Тилегенова (53) катышат. 17 жашка чейинки спортчулар арасында болсо Мээрим Жуманазарова (56) Кыргызстандын желеги астында чыгат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.