Канат Садыков: “Канттагы Азия медициналык институтунун өкүлдөрү министрликтин комиссиясын окуу жайга киргизбей коюшту”
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков бүгүн, 28-майда уюшулган отурум алкагында Канттагы Азия медициналык институтунун өкүлдөрү кечээ, 27-майда Билим берүү жана илим министрлигинен барган комиссияны окуу жайга киргизбей коюшканын айтты. "Демократиянын да чеги болушу керек да" деп кошумчалады министр. Маалым болгондой, студенттер окуу жайдын жабылуусуна каршы болуп, нааразычылык акциясын уюштурушкан.
Кошумчалай кетсек, билим берүү жаатында тиешелүү талаптарга жооп бербеген Азия медициналык институтунун лицензиясынын мөөнөтү 3 айга токтотулган. Ага чейин институттун окутуу процессинин уюштурулгандыгы начар болгондуктан жана тиешелүү бир катар талаптарга жооп бербегендигинен улам алардын лицензияларын алуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Буга чейин аталган окуу жайдын өкүлдөрү министрликти сотко берүүгө үлгүрүшкөн. Эгер аталган окуу жайдын лицензиялары сот аркылуу чакыртылып алынса, ЖОЖдун администрациясы студенттердин документтерин колуна берүүгө тийиш болот жана алар өз адистиги боюнча тийиштүү ЖОЖго которулмакчы. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:43
2025-09-16

20:48
2025-09-16
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
Likvidator

28.05.2014. 22:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу министр, Кызыл-Кыя шаарындагы ЖОЖдорго лицензия беруу учун болгон аттестациялоодо жасалма кол коюулар менен комиссия жыйынтык чыгарган. Эгер окуп калсаныз ушул мыйзам бузууга коз салып чара коруп койсонуз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.