Жогорку Кеңеш Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоого банктан 100 миллион доллар алуу боюнча макулдашууну ратификациялады
Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун боюн жарыктандыруу жана трассаны кеңейтүү демилгеси ЖКнын 28-майдагы жыйынында каралып, мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды. Мыйзамга каттоодон өткөн 92 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти. Азия өнүктүрүү банкынан алынган акчага Бишкек - Кара-Балта шаарларынын ортосундагы 52 чакырым унаа жолду жаңылоого 100 миллион доллар жумшалары айтылууда. Жолдун 9 чакырымы 6 тилкелүү, 41 чакырымы 4 тилкелүү болмокчу. Мындан сырткары жээгинде 3-4 метр кеңдиктеги тротуар курулат. Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

