Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткен 2 жарандын биринин сөөгү табылды
Аксыда балык уулап жүрүшүп сууга агып кеткендердин биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:30 чамасында Кара-Суу дарыясынын жээгинен 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыровдун жансыз денеси табылган. Учурда сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, 27-май күнү Таш-Көмүр шаарынын тургундары 1965-жылы туулган Үмөт Балтабаев жана 1952-жылы туулган Абдысатар Абдыкадыров Кара-Суу дарыясында балык уулап жүрүшүп сууга агып кетишкен. Ошол эле күнү куткаруучулар жана туугандары менен биргеликте издөө иштери жүргөн, бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иштери улантылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.