super.kg logo

Ибрагим Орозбаев, милициянын полковниги: "Жергиликтүү тургундар Шамалды-Сай аймагы шаар болууга тийиш дешет"

 

Шамалды-Сай шаар тибиндеги айылы шаарга айланса, жергиликтүү элдин жашоосу оңолот. Бул тууралуу 28-майда жергиликтүү тургундардын айтканына таянып, отставкадагы милициянын полковниги Ибрагим Орозбаев билдирди. Берген маегинде ал кичи жамааттардын көйгөйлүү маселелерине токтолду.

“Шамалды-Сайда жалпы эсеп менен 17 миңдей эл жашайт. Учурда жергиликтүү айыл башкармалыгы эле бар, эл кандай маселе болбосун, бир кичине аныктама алуу үчүн да Таш-Көмүр шаарына барууга мажбур. Ал жердин бюджетинен болор-болбос акча каражаты бөлүнүп турат. Шамалды-Сайдын көйгөйлөрүн, социалдык маселелерди чечүүгө ал жетишсиз болууда. Биз нечен ирет бийлик өкүлдөрүнө кайрылып келдик, бирок көңүл бөлүнгөн жок”,- деди Орозбаев.

Анын айтымында, бул маанилүү маселе Жогорку Кеңеште каралып, талкууланууга тийиш, андан башка арга жок.

“Жакында Шамалды-Сайга сапары менен келип спорт клубун, ооруган апаларга жакшы көңүл бөлүнсүн деп атайын палата ачып, эл менен жолугушуп кеткен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге кайрылдым. Ал учурда күчтүү депутаттардын бири, партиясы да салыштырмалуу жаш саясий уюм болгону менен, ишин элге жардам кылуу менен баштады, аткарган иштери көп экен. Кыргызстанда 20 жыл мурун түзүлүп, 20 сомдук пайдасы жок партиялар бар. Эми Шамалды-Сайдын маселесин чечип берет деген үмүтүбүз бир Бакыт Төрөбаевге байланыштуу болуп жатат”,- деп сөзүн улады Ибрагим Орозбаев.

“Шаар болуп, статусу өзгөргөндө өзүнүн бюджети болот, таамай инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк алат элек. Шамалды-Сай – стратегиялык маанилүү, перспективалуу жер. Жергиликтүү өндүрүш жана мунай запастары бар. Элдин турмушу жакшы жагына өзгөрөт деп ишенем. Учурда бизге каржылоо жетишпей келет. Төлөнгөн салыктар жергиликтүү бюджетте калып, Шамалды-Сайдын өнүгүүсүнө жумшалмак. Бул маселени Бакыт Төрөбаев жана ага тилектеш депутаттар көтөрөт деген үмүтүбүз бар”, - деди Шамалды-Сайдын тургуну Ибрагим Орозбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: