super.kg logo

“Кемин” көмөк чордонундагы курулуш иштеринде жумушчулардын коопсуздугу начар абалда экени белгилүү болду (фоторепортаж)

 
Курулуш аймагында орнотулган Кыргызстандын жана Кытай Эл Республикасынын желеги.
Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери курулуштун жетекчилиги менен.
Бул унааны башкарууда коопсуздук эрежелери сакталбай жатканы айтылды.
Атайын курулушка ылайыкталган мотоунааны кытай жараны башкарып бара жатат.
Текшерүү учурунан...
Курулуш жүрүп жатат...
Курулуш аймагындагы коопсуздук эрежелери тууралуу сүрөт.
Курулуш жүрүп жатат...
Курулушчулардын коопсуздугу начар абалда экени айтылды.
Курулуш шаймандары...
Текшерүү учурунан...
Кытай жумушчулары жашоочу контейнер үйлөр.
"Кемин" көмөк чордонунун долбоордогу сүрөтү.
Текшерүү учурунан...
Кыргыз-кытай курулушчулары бирге иштеп жатышат.

Бүгүн, 28-майда КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы “Датка-Кемин” долбоорундагы “Кемин” көмөк чордонундагы курулуш иштеринде пландык текшерүү иштерин баштады.

Белгилүү болгондой, пландык текшерүүнүн алкагында курулуш иштериндеги коопсуздук чараларынын сакталышы, жумушчулардын укугунун корголушу, курулуш жүрүп жаткан жердин мыйзамдуулугу жана бир катар факторлор боюнча 10 күн бою текшерүү иштери жүргүзүлөт.

Мамэкотехинспекциянын биринчи күндөгү текшерүүсүндө көмөк чордонунун курулушунда курулушчулардын коопсуздук чаралары жакшы сакталбай жаткандыгы көрүнүп турду. Буга катар эле жумушчулар айлык акынын аздыгына жана эмгек келишими түзүлбөстөн эле иштеп жатышкандыктарына нааразылыгын билдиришти. Кыргыз курулушчуларынын айтымында, алар эртең мененки саат 7ден кечки 6га чейин жумушта болушат. Бир күндүк айлыгы 700 сомду түзүп, тамактарын өздөрү менен ала келишет жана жол кирелерин да өздөрү төлөшөт.

Аталган пландык текшерүү 10 күнгө созулуп, андан соң гана жыйынтык чыгарылары белгилүү болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.05.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат текшергиле!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: