super.kg logo

Каракол шаарында Чек ара кызматкерлеринин күнү белгиленип, 30дан ашык жоокер аскердик ант берди (фоторепортаж)

 
Иш-чара чек ара кызматкерлерине арналган эстеликке гүл коюу аземи менен башталды.
Иш-чара чек ара кызматкерлерине арналган эстеликке гүл коюу аземи менен башталды.
Эстеликке гүл коюу аземи.
Каза тапкан чек арачылар эскерилип, абага үч жолу ок атылды.
Эстеликке гүл коюу аземи.
Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору...
Облустун чек арачылары...
Облустун чек арачылары...
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Чек арачы мырзалар.
Чек арачы айымдар.
Жоокерлердин аскер антын берип жаткан учуру.
Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи.
Аскердик ант.
Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи.
Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи.
Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин аскердик ант берүү аземине 33 жоокер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Иш-чара аскерлердин жүрүшү менен аяктады.

Каракол шаарында бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 15 жылдык мааракесинин урматына бир катар иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара А.Пушкин атындагы сейил бакта чек ара кызматкерлерине арналган эстеликке гүл коюу аземи менен башталды. Шаардын борбордук аянтында Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи салтанаттуу түрдө өттү. Бардыгы болуп 33 жоокер аскердик ант берди.

Аталган иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.К.Жаныбеков, Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгулов, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы У.Турсунбаев, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Б.Какеев, Ысык-Көл облусунун прокурору А.Какеев, Каракол шаардык аскер комиссариатынын комиссары Т.Султанов жана башкалар Чек ара кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, белектерин тапшырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: