Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду

Футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда ийгиликсиз оюн көрсөткөн соң Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду. “С.Дворянков 2012-жылдын декабрь айынан тарта курама команданы машыктырып келген. Келишим боюнча ал курама команданы АФКнын Чакырык Кубогуна алып барып келмек. Жакын арада анын ишине тиешелүү баа берилет”,- деп билдирди бүгүн, 28-майда КРнын Футбол федерациясынын кызматкери Канат Асенов SUPER.KG порталына.
Кошумчалай кетсек, курама команданы машыктырганга чейин бишкектик “Дордой” футболдук клубу менен иштешкен Сергей Дворянков аталган клубдагы ээлеген кызматынан өткөн жылы бошотулган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
adidilet

29.05.2014. 16:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
физрукту мурда эе айдаш керек болчу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.