Базар-Коргон районунун бир катар айыл аймактарында электр жарыгы өчөт
Эртең, 29-май күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон
районуна караштуу Арсланбап, Сейдикум, Акман айыл аймактарында электр жарыгы
өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн “Жалал-Абад электр” ишканасынын басма сөз кызматынан
билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, эртең саат 07:00дөн 19:00гө чейин үч айыл аймагын электр энергиясы менен тейлеген көмөк чордондордо, аба чубалгыларында оңдоп-түзөө иштери жүрмөкчү. Ага байланыштуу электр энергияга чектөө киргизилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.