Веложарышчы Евгений Ваккер Азия чемпиондугуна катышууда

Веложарыш боюнча Азиянын 4 жолку чемпиону, кыргызстандык Евгений Ваккер 26-майда Астана (Казакстан) шаарында старт алган Азия чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 2-июнда жыйынтыктала турган Азия чемпиондугунда Ваккер жеке жарыштарда 50 чакырым аралыкта жана топтук жарышта 180 чакырым аралыкта трассага чыгат.
Кошумчалай кетсек, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылаган Евгений Ваккер 11 жылдан бери Азия чемпиондугунда байге ээси болуп келет. Ал 4 ирет алтын, 4 ирет күмүш жана 3 ирет коло медаль тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.