super.kg logo

Жалал-Абаддын Сузак районунда кургак учук менен ооруган 6 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкелери берилди

 

28-майда Жалал-Абадда “Жалал-Абад облусундагы кургак учукка каршы каралган иш-чаралардын аткарылуусунда жергиликтүү бийликтин ролун күчөтүү” аталышындагы район-шаар башчыларынын орун басарлары жана медицина кызматкерлери катышкан “НОPE” Кыргызстан долбоорунун колдоосу менен тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жылдары кургак учук менен ооругандарды табуунун жана дарылоонун сапаты жогорулагандыгына байланыштуу «Кургак учук-IV» программасынын алкагында жергиликтүү бийлик тарабынан көңүл бурулууда. Жергиликтүү бюджеттен кургак учук менен ооруган жарандарга 520 миң сомго жакын акча каражаты дарыланууга, жол киресине төлөө үчүн бөлүнгөн жана Сузак районунда кургак учук менен ооруган 6 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкелери, Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан Кургак учукка каршы диспансеринин имаратын оңдоо максатында 30 000 сом акча каражаты берилди. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова 2009-жылдан бери Кара-Көл шаарында кургак учук менен ооруган 9 жаранга шаардан батирлер берилгендигин жана мындай камкордук башка район-шаарларда аткарыла электигин баса белгилеп өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: