super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошова: "Коркутуунун кереги жок, мен өз сөзүм үчүн жооп берүүгө даярмын"

 
ЖКнын депутаты Жылдызкан Жолдошова бүгүн, 11-январда "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун маалымат жыйыны тууралуу билдирүү жасады. Депутаттын айтымында, аталган уюмдун аны айыптап чыгышы саясий буйрук. Айта кетсек, 10-январда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча өткөн сот ишинде Жылдыз Жолдошова "эгер Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөндөрдү камасак, анда 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2012-жылдын 7-апрелиндеги революциялардын катышуучуларын да жоопкерчиликке тартыш керек" деп билдирген. Депутат мындай билдирүүнү буга чейин да бир нече ирет айтып келген. Бул боюнча аталган уюмдун төрагасы Осунбек Жамансариев "Жолдошова 7-апрель окуясы менен "ата журтчу" депутаттардын 3-октябрдагы окуясын салыштырбасын" деп айтып чыкты. Жолдошованын бүгүнкү билдирүүсүндө 7-апрель окуясындагы карапайым катышуучуларды жамандоо максат болбогону айтылат. "Мен Жамансариевге телефон чалып туура эмес кылганын айттым. Маалымат жыйын өткөрүүдөн мурда менин позициямды билип алса болмок. Мени коркутуунун кереги жок, өз сөзүм үчүн жооп берүүгө даярмын" дейт Жолдошова. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: