Облустук сот Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бирок жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотту

Бүгүн, 29-майда облустук сот Шахида Аманбаеваны күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бирок абакта 3 жылдан ашуун отургандыктан, ал "жаза мөөнөтү бүткөн" деп сот залынан бошотулду.
Сот Алишер Жумашевди Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу шериктикти уюштуруу) боюнча 4 жылга эркинен ажыратып, 2010-жылдын декабрь айынан берки СИЗОдо өтөгөн мөөнөтүнүн 1 күнүн 2 күн катары эсептөө чечимин чыгарса, экинчи шектүү Урмат Аскеевди 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча 9 жылга эркинен ажыратып, анын да СИЗОдо өткөргөн 1 күнүн 2 күн катары эсептөө чечимин чыгарды. Ал эми баспай калган Шахида Аманбаеваны 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча айыптап, ал 4 жылга эркинен ажыратылды. Бирок СИЗОдо өтөгөн 1 күнүн сот 3 күн катары эсептеп, аны сот залынан бошотту.
Айта кетсек, 27-май күнү облустук сотто айыпталуучулардын иши боюнча жарыш сөздөр айтылган.
Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен кайрылган. 2014-жылдын 20-май күнү Чүй облустук соту апелляциялык арызды карап, мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен сот отуруму 27-майга жылган болчу.
кошулду
Шахида Аманбаева эркиндикке чыкты


Шахида жакшы кундор алдыда, биз сенин денсоолугундун жакшы болуп кетишин тилейбиз. Омурун узуун , бактылуу кыздардан бол.
сот иши 1чи, болбосо 2чи отурум менен бутуш керек.
Бул Шахиданын тагдыры биринчиси да акырксы да эмес,
соттун чечимин тушунуксуз созулуп кутуп жаткан мекендештерибиз миндеп саналат.Бул демократия эмес эле дермократия