Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ирандын элчиси Али Наджафи менен жолугушту
Бишкекте кечээ, 28-май күнү КРнын Борбордук шайлоо
комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Иран Ислам
Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи Хошруди менен жолукту.
Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан
билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн шайлоо системдерин иштөө жана эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды.
Али Наджафи Хошруди өз сөзүндө 30 жыл мурда Иран демократиялык түзүлүш жолун жана өлкөдө шайлоолорду өткөрүүнүн жол-жоболорун тандап алгандыгы тууралуу кеп козгоду. Т.Абдраимов А.Наджафи Хошрудиге учурда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан демократиялык кайра түзүүлөр, анын ичинде республикадагы шайлоо системинин жаңыланышы жана шайлоолорду өткөрүүнүн ачыктыгы, административдик ресурстун жокко чыгарылгандыгы тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле тараптар пикир алышуу менен эки тараптуу жигердүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.