Эртең Ош окуясында ок тийген Акпарали уулу Жусупбектин дарылануусуна каражат топтоо үчүн марафон болот
Эртең, 30-майда саат 10:00дө Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Кыргыз драма театрында 2010-жылдагы Ош окуясында ок тийип, майып болгон Акпарали уулу Жусупбектин дарылануусуна каражат чогултуу максатында марафон болот. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, марафонго белгилүү маданият ишмерлери, обончу жана аткаруучулар келип өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле эртең жума болгондуктан, жума намазын окууга келгендердин ичиндеги кайрымдуулук көрсүтүүнү каалагандар үчүн Ош шаарындагы "Имам Аль-Бухари", "Сулайман-Тоо" жана "Эрдем" мечиттеринде атайын урналар коюлат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.