Айыл чарба жана мелиорация министри Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту
Бишкекте бүгүн, 29-майда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Доржи Кинлай менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ортосунда жемиштүү кызматташуу болуп келген.
Т.Айдаралиев менен Д.Кинлай мырза ишке ашырылып жаткан жана келечектеги ишке аша турган долбоорлор жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.