"Ош газ чарба" башкармалыгы: Ошко жаратылыш газы 10-15 күндүн ичинде берилет
Ошко жаратылыш газы 10-15 күндүн ичинде берилет. Мындай билдирүүнү SUPER.KG порталына бүгүн, 29-майда "Ош газ чарба" башкармалыгынын башчысы Маматкалык Аматов билдирди.
Анын айтымында, 22-майда Кыргызстанга "Газпромдун" өкүлдөрү келип, “Узгаз” ачык акционердик коому менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Келген өкүлдөрдүн биринчи маселеси - кышка даярдык көрүү, ошондой эле түштүк аймагын тез арада газ менен камсыз кылуу.
“Кыргызгаз” тараптан “Узгаз” менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, майнап чыккан эмес. 22-майдан тарта “Газпромдун” өкүлдөрү келишип, бул маселени чечишти окшойт. Буюрса, 10-15 күндүн ичинде жаратылыш газы берилет”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2025-11-04
16:54
2025-11-04
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Коомдук этиканы сактаңыз.