2-6-июнга чейин “Учур” жаштар театры Жумгал районунда “Ак Мөөр” спектаклин коёт
2-6-июнга чейин “Учур” жаштар театры Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине карата Нарын облусунун Жумгал районундагы 5 айылга “Ак Мөөр” спектаклин коёт. Аталган чыгарма 2-июнда Чаекте, 3-июнда Байзакта, 4-июнь күнү Дыйканда, 5-июнда Куйручукта жана 6-июнь күнү Кызартта коюлат.
“Биз бир гана спектакль койбостон, концерттик программа да тартуулайбыз. Гастролго 20 адамдан турган театрдын жамааты барат”,- деп билдиришти бүгүн, 29-майда аталган театрдан.
Белгилей кетсек, спектаклдин режиссёру – А.Абдыкалыков, сүрөтчүсү – С.Ниязакунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
mahabat.
29.05.2014. 19:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын ала рахмат...Чаекке барып калсам созсуз кором.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















