Социалдык өнүгүү министри Кыргызстандагы 117 интернатка 11 миңдей бала жайгаштырылганын айтты
Женевада өтүп жаткан отурумга катышып жатып кыргыз делегациясынын башчысы Кудайберген Базарбаев Кыргызстан балдар укугун коргоо боюнча конвенцияны кабыл алганына 20 жыл болгонун белгилеп өттү.
"2006-жылы Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Балдар жөнүндө кодексти кабыл алган. Ошону менен бирге балдарды коргоо боюнча иш-аракеттердин механизмин түзүп, балдар менен иштешкен мамлекеттик органдарга жана уюмдарга милдеттенме берди",- деди ал.
Ал өлкө боюнча балдардын интернаттарга туш болуусун азайтуу багытында иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле турмушу кыйын кырдаалда болгон үй-бүлөлөр менен бүлөнү сактап калуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Жогорудагы кыйын абалда жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 3931 экени аныкталып, алардын үчтөн бир бөлүгүнө колдоо көрсөтүлдү",- деди министр.

