Ошто цементтин баасы жогорулады
Кызыл-Кыядагы цемент заводунун майдалап өткөрчү торчосу бузулгандан тарта ал жакта цемент чыгаруу токтогон. Мындан улам Ош шаарында цементтин баасы бир топко жогорулагандыгын сатуучулар айтып чыгышты. Ал эми цементке болгон бааны токтото албастыгын бүгүн, 29-майда Ош шаардык монополияга каршы агенттигинин жетекчиси Арзыбек Жунусов билдирди.
Анын айтымында, монополияга каршы күрөшүүчүлөрдүн бааны көзөмөлдөөгө укуктары жок. "Цементтин баасын көзөмөлдөгөнгө биздин укугубуз жок. Баанын жогорулашы Кызыл-Кыядагы цемент заводу ишке киргенде гана жөнгө салынат",- деди ал.
Учурда Ошто цемент 14 сомдон сатылууда. Кызыл-Кыя цемент заводу кайрадан качан ишке кирери белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
soccer_boy95

29.05.2014. 13:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жолу 20 сом кылып койбоптур да
Kara_kyrgyz

29.05.2014. 14:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
монополия, очередной заказ бул. Резервдеги цементти сата беришет калп эле ушинтип завод иштебей жатат деп. Деги бийлик, чондор кайсыл жакты карап жатышат, карапайым элге эле кыйын болду го....
brend007

29.05.2014. 23:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz, Бул чындык. Заводтун бузулганы. Бирок баасы мынча кымбат болбошу керек эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.