Бүгүн “Алга” футболдук клубу Кыргызстан жаштар курама командасына каршы беттеш өткөрөт
Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын 2014-жылкы сезонунда лидерлик сапта келе жаткан бишкектик “Алга” футболдук клубу бүгүн, 29-майда Кантта Кыргызстандын 22 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн жаштар курамасы менен жолдоштук оюн өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул беттеш “Алганын” ТОП-Лиганын экинчи айлампасына даярдыгынын алкагында өтүүдө. Ошондой эле жаштар курама командасы 2015-жылкы Азия чемпиондугунун тандап алуу турларына даярданууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.