"Дордой" базарында 3,5 жыл соода жүргүзүп жүргөн кытай жараны төлөбөй келген 31 миллион сом салыгын төлөдү
Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын ыкчам изилдөө тобунун иш-чарасында белгилүү болгондой, кытайлык жаран Дзу Джунг Да 2009-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 31-июнуна чейин салык төлөбөй "Дордой" базарында соода жүргүзгөнү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди. Бул кызматтын кызматкерлеринин талабына ылайык, кытай жараны Дзу Джунг Да 31 миллион 389 миң 923 сом салыгын төлөдү. Учурда кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

