Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылар" китебинин аудио варианты чыкты
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылар" китебинин аудиосу чыкты. Бул тууралуу акын бүгүн, 29-майда кабарлады.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, китептин аудиосун Азиздер жана дүлөйлөр коому чыгарып, жер-жерлердеги мүчөлөрүнө таратып беришүүдө. Аудиокитеп 19 саат 50 мүнөткө созулат.
"Азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти Калык Мамбетакунов келип, аудиокитепти мага угузуп кетти. Азиздер жана көзү начар көргөн адамдар үчүн эң жакшы окуу куралы болуптур",- дейт акын жаңы китеп тууралуу.
Белгилей кетсек, акындын "Агындылар" китеби 2013-жылы күзүндө жарык көргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
4
4
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















