super.kg logo
  Саясат  

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына 20 жыл толгондугу менен куттуктады

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди эки өлкөнүн дипломатиялык  мамилесине 20 жыл болгондугу менен куттуктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тажик ажосу Кыргызстан менен Тажикстандын көп кылымдык достук-туугандык мамилеси бар экендигин белгилеп, экономикалык, маданий-саясий, коопсуздук жана гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну жогору баалаарын билдирди. “Мындан аркы кызматташтыкка бекем ишенем, сизге чың ден соолук жана бир тууган кыргыз элине өнүгүү-өсүү каалайм”,- деди Рахмон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: