super.kg logo

Ош мэриясы цементтин баасынын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди

 
Акыркы учурдагы Ош шаарынын аймагында цементке болгон баанын жогорулашына байланыштуу элде нааразычылыктар болууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Түштүк кыргыз цементи” жабык акционердик коомунун клинкер чыгаруу өндүрүшүндөгү технологиялык линиясынын экинчи айлануучу очогунун роликтик тирөөчү жана айрым тетиктери иштен чыккандыгына байланыштуу, аталган заводдун ички буйругуна ылайык, 2014-жылдын 20-майында токтотууга аргасыз болгон. Ишкананын өндүрүшүн убактылуу токтотуп туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө атайын кат менен кайрылган.

1-июнда завод сыноо иретинде ишке киргизилет. Сыноо мөөнөтү ийгиликтүү өтсө, ушул жылдын 10-июнунан тартып «Түштүк кыргыз цементи» жабык акционердик коому толук ишке кириши күтүлүүдө”,- деп белгилейт басма сөз кызматтан.

Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын Ош шаардык бөлүмүнүн жана өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн берген маалыматы боюнча, учурда “Түштүк кыргыз цементи” жабык акционердик коомунда оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: