super.kg logo

Энергетика министри: “Электр энергиянын баасы үч фазанын колдонуучулары үчүн гана кымбаттайт”

 

“Электр энергиянын баасы үч фазанын колдонуучулары үчүн гана кымбаттайт”,- деп айтты бүгүн, 29-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев.

Анын айтымында, аталган министрликтин “2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбоору коомчулук тарабынан сынга алынган. "Бул долбоордун айрым жерлерин өзгөрттүк. Эми бир фазаны колдонуучулар үчүн электр энергиянын баасын 2015-жылдын 1-апрелине чейин кымбаттатпайбыз. 1 киловатт-сааттын баасы 70 тыйынга тең болуп, ошол бойдон калат. Ал эми үч фазаны колдонуучулар үчүн 1 киловатт-сааттын баасы 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга чейин көтөрүлөт. 2015-жылдан кийин баалар инфляцияга ылайык өсө бериши күтүлөт",- деди министр.

Эскерте кетсек, КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2014-жылдын 1-июлунан баштап электр энергияны нормадан ашыкча колдонгон абоненттер үчүн саатына 1 киловаттын баасын 70 тыйындан 1,2 сомго чейин көтөрүлүшүн сунуштаган. Мындан тышкары 2017-жылга чейин жыл сайын электр энергиянын баасынын кымбаттатышы да сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: