super.kg logo

Дүйнө боюнча семиз адамдардын саны 2 миллиарддан ашты

 
Кытайлык Лу Хаонун 4 жашындагы салмагы 62 килограммды түзүүдө.
Ашыкча салмактагы адамдардын саны арбын.
Билл менен Мелинда Гейст кору
Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, дүйнө жүзү боюнча 2 миллиард 100 миллион киши ашыкча салмакта экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, адамзатынын үчтөн бири семиз адамдар экен. Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча семиз адамдардын саны 2 миллиард 100 миллионду түзсө, 33 жыл мурда 857 миң киши гана семиз деп табылган. Жалпысынан 188 өлкөдө 1980-жылдан 2013-жылга чейин жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, эң жогорку көрсөткүч Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада. Бул аймактарда эркектердин дээрлик 60, аялдардын 65 пайызы ашыкча семиз. Ал эми АКШда дүйнөдөгү семиз адамдардын 13 пайызы жашайт. Ошондой эле семиз адамдар жашаган эң жогорку көрсөткүчтөрү бар өлкөлөрдүн ондугуна Кытай, Индия, Орусия жана Пакистан өлкөлөрү да кирет.

Билл менен Мелинда Гейст фонду каржылаган изилдөөдө ашыкча салмак саламаттык тармагына көп оорчулук келтирип жаткандыгы айтылат. Ошондой эле семиз кишилер жүрөк, рак, диабет, муун, боор ооруларынан көбүрөөк запкы тартышары айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.05.2014. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
фаст фуд же тез тамактануунун кесепети. Биздеда кобойду ото эле.
29.05.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ГМО азыктары ашыкча салмака алып келет.Америка Европада баардыгы ГМО,90 жылдардан кийин мурдагы СССРге да ГМО азыктары каптап келе баштаган.Ошол ГМО менен тамактанган адамдар азыр кесепетин коруп жатышат,ашыкча салмак,журок оору, ж.б. ар кандай оорунун турлору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: