Кыргызстанда бардык коммуналдык тейлөөлөргө төлөөнүн бирдиктүү эсебин киргизүү пландалып жатат
КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргызстанда бардык коммуналдык тейлөөлөргө төлөөнүн бирдиктүү эсебин киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда тегерек столдун жүрүшүндө аталган министрликтин башчысы Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында, ушул ниетти ишке ашырыш үчүн төмөнкү үч маселени чечүү зарыл:
1. Коммуналдык тейлөөлөрдү колдонуучулардын маалымат базасынын техникалык унификациясын изилдөө жана кардарлардын көрсөткүчтөрүн чогулткан бирдиктүү башкаруу борборун түзүү;
2. Электр энергиянын колдонуучуларынын бирдиктүү маалымат базасын жана бөлүштүрүүчү ишканалардагы эсептердин бирдиктүү системин түзүү;
3. Унификация жана төлөөлөрдү бөлүштүрүү боюнча механизмди орнотуу. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2025-11-05
23:31
2025-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















