Нарын. Мыкты айыл өкмөтү аныкталды
			
			Нарын облусунда 2
жылдан бери айыл чарбасын өнүктүрүү
максатында “Мыкты айыл өкмөтү” кароо-сынагы өткөрүлүп келет. Жыл жыйынтыгы
катары быйыл да беш райондун айыл өкмөттөрү ат салышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Баш байгени
жеңип алган Нарын облусуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтү Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү автоунаага ээ болду. Ал эми 1-орунду Жумгал районуна караштуу
Байзак айылы алып, Дубайга жолдомо утуп алды. 2-орунду Ак-Талаа районунун
Коңорчок айыл өкмөтү алып, губернатордун II даражадагы диплому жана 30 миң сом
акчалай сыйлык менен сыйланды. 3-орунду Кочкор районунун Талаа-Булак айылы
камсыз кылып, губернатордун III даражадагы диплому жана 20 миң сом акчалай
сыйлыкка ээ болду. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка 6 айыл өкмөт татып, 10 000 сомдон акча каражаттарын
жеңип алышты. “Мыкты айыл өкмөтү-2012” кароо-сынагынын баш байгелерин
тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев
келип катышты. 
 
			
			
			
			
				
			
						
				
					
									
				
								Автор: Гүлжан Асанкожоева
												 
			
	
	 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 13:05
				 2025-11-02  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














