super.kg logo

“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын катышуучуларынын бири таймашууга үч күн гана даярдык көргөн. Бул кырдаал түшүнбөстүктү жаратты (фоторепортаж)

 
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.
Даярдык учурунан.
Калыстар тобу.
"Кыргызстан мырзасы-2013" сынагынын жеңүүчүсү Нурбек Сопуев бул сынакта калыстар тобунун мүчөсү болду.
Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова.
Мырзалар кыздарды туурап, таланттарын калыстар тобуна тартуулоодо.
"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева мырзаларга сыйлык тапшырды.
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.

Бишкектеги Спорт Ордосунда 29-майда мырзалар арасында “Кыргызстан мырзасы-2014” сынагы өткөрүлдү. Саат 18:00гө белгиленген сынак 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты. Сынакка келген көрүүчүлөр залдын 50 пайызын гана ээледи. Алып баруучулук милдетти Кубат Кубанычбеков аркалады.

Сынакка Бишкек шаарынан жана Ош, Баткен облустарынан келишкен 16 жаштан 26 жашка чейинки 32 мырза катышты. Алар “Мен Кыргызстандын патриотумун”, “Пляждагы вариант”, “Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү”, “Жалпы бий - флешмоб” тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Алгачкы өзүн тааныштыруу тапшырмасында жигиттер толкундандыбы же даярдыгы аз болдубу, арасынан ойлорун айта албай калгандар кезикти. "Кыргызстандын мыкты мырзасы назиктигине карап бааланат" деген пикир жаралсын дешкенби, таланттар сынагындагы "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" номеринде балдардын басымдуу бөлүгү айымдарды туурап чыгышып, келген элди тажатып жиберишти.

Таланттар сынагында оригиналдуулуктун жоктугу уюштуруучу топтун мырзаларга талаптын жумшак коюлгандыгынан кабар берсе, үн аппаратурасынын өчүп калышы, фонограмма менен ырлардын аткарылышы да жакшы пикир калтырган жок.

Көрүүчүлөрдүн маданий иш-чараларда өзүн алып жүрүүсү да көңүл бурдурду. Сынактын соңунда залдын 50 пайызын ээлеген көрүүчүлөрдүн жарымы гана калып, алар да туугандарына кол чаап, калганын тааныбай-көрбөгөндөй түр көрсөтүп, келгендер "маданияттуулугун" көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, 2013-жылы сынакта "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" тапшырмасында жигиттердин кыздарды туурап чыкканы коомчулукта кыжырданууну жаратып, сынга алынган эле. Быйыл да ошол кийим менен ошол эле образды туурап чыгышканы уюштуруу тийиштүү деңгээлде болбой калган деген ойду жаратты. 

Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк аренадагы сынакка көрсөтчү жигиттердин арасында 3 күн гана даярдык көргөн жигиттин катышып жатканы түшүнбөстүктү жаратты. Эми "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, мыкты уюштуруу алыс эмес деп туралы.

Ошентип, катышуучулардын келбетин, талантын, өзгөчөлүгүн белгилүү жүздөр, дизайнер Замира Молдошева, актёр Бектемир Мамаюсупов, ырчы Анжелика, «Кыргызстан КВН» Лигасынын президенти Евгений Акопян жана сынакка колдоо көрсөтүшкөн демөөрчүлөр баалашты.

Сынактын жыйынтыгында 18 жаштагы Нурсултан Жакыпбек уулу жеңүүчү деп табылып, “Кыргызстан мырзасы-2014” наамы ыйгарылды. Ага “Дүйнөнүн сулуу мырзасы” сынагына жолдомо берилди.

Ал эми төмөнкүлөр кийинки орунду багындырышты:

"1-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ильяс Басылбаев;

"2-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ислам Солтобаев;

"3-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Улан Молдошбаев.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстанда бул сынак экинчи ирет уюштурулуп жатат. Былтыр бул сынакта 33 катышуучунун ичинен Нурбек Сопуев аттуу мырза жеңишке жетишкен. 






“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынан репортаж

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(84)
SUPER.KG видео
02.06.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aika90,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн банга!
SUPER.KG видео
02.06.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
12.12.12, Pegazka, aman94el, SHS, RUSLAN.KG, tynara1983, АЙЫМАЙ, Maha-0711, jan83, zamazama9, Baichechekei2011, diplom.t, 91mele, АЙЫМАЙ, Angel92, mr.Ada, mersedes2013,
Сайтта адепсиз, жаргон сөздөрдү колдонууга, бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүнү калтырууга, кимдир бирөөнү мазактоого, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт! 5 күндөн БАНга!
SUPER.KG видео
02.06.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстандагы гей парады деп айтса болот экен.
SUPER.KG видео
02.06.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ulikos,
Биринчиден, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
Экинчиден, баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! 5 күн банга!
SUPER.KG видео
02.06.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят!!! Кыздарды туураганы!!! Кен далылуу нак эркектер ,эркекче онорун коргозсо, кара жоргону бийлешсе, ошол сонун болмок.Уят, уят, уят!!!
02.06.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81 - 5 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрд жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
02.06.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят туугандар ушундай конкурсту уюштурбай эле койбоптур,балдардын абирин айрандай тогуп биздин менталитетке туура келбейт кызга окшоп жургондорун,дагы Кончитаны кеп кылып койобуз ххх
Модератор admin_media түзөттү 02.06.2014 19:04
SUPER.KG видео
02.06.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздарды туураганы кантет? Же уюштуруучу топ ушундай талап койгонбу?! Андан коро кыргыздын улуттук аспаптарында ойноп, аткарышса соонун болмок.
SUPER.KG видео
02.06.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koru4ulor olturup oktap kalaiyn dewken go zerigip negizi baldar kyz bolup sahnaga 4ykpai ele koiboptur u9t da
SUPER.KG видео
03.06.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койгулачы ушул кантип болсун
SUPER.KG видео
03.06.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

"Не кыл дейсин азыр турмуш бут жагынан бузулган,
Арам нерсе мода болуп жаман жолго алып барган,
Тошту ачып суктандырып чакырасын шайтанды....:)
Мындай сынак болгон эмес кыргыздарда эч качан!
Модератор admin_media түзөттү 03.06.2014 10:11
SUPER.KG видео
03.06.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сынактын талаптарын озгортуп, чыныгы мырзаларга тиешелуу номерлерди аткарышса болмок.
SUPER.KG видео
03.06.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ииииииииииййййййй ааааайййййййййййй. ушинтип откоргнчо откорбой коюшса болмок же откоргонго жараша жакшыраак программа тузушсо болмок эркектерге ылайыктуурак кыздарды мазактатпай.
SUPER.KG видео
03.06.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ойлоймда уюштургандын ориентациясы башкаго деп. уюштурганы жакшы бирок ххх номерлерди кошпой эле койсо болмок.
Модератор admin_media түзөттү 04.06.2014 10:50
SUPER.KG видео
03.06.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эмне деген шумдук кыргыздын жигиттери эмне болуп баратышат кыздарды туурагандан башка таланттары жокпу окунучтуу тимеле жийиркендим башын коруп акырына чейин коро албай койдум мынтип элге уят болуп бул конкурсту откорбой эле койсонор болмок ушинтип отурсак онолбойбузго езели кыргыздар
SUPER.KG видео
03.06.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын ...... жок го
SUPER.KG видео
04.06.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шерменделер эсинерге келгилее!!!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койду кайда айдаса ошол жака барат дегендей батыш олколор кайда айдаса ошол жака бара бересинерби. Кыргыздар ОЙГОНГУЛАА.
SUPER.KG видео
04.06.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ххх бул жакта эле калыптыр))))
Модератор admin_media түзөттү 05.06.2014 13:21
SUPER.KG видео
05.06.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз ххх ххх, ушуну жон эле койсо болмок уюштуруучулар . Мисинерле жетишет , бирок бул нерселер биздин менталитетке туура келбейт ,дегеле Мусулмандарга болбойт мындай нерсе .
Модератор admin_media түзөттү 05.06.2014 13:20
SUPER.KG видео
05.06.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2
SUPER.KG видео
05.06.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек башынар менен кантип чыктынар? Уят кылып эркектердин баарын! ээла
SUPER.KG видео
05.06.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мм соз жок буларга!!!менимче даарыларын ичишкен эмес го...ушул нерсени жон эле койсо болмок!!!
SUPER.KG видео
05.06.2014. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андан коро спорт жагынан чыгышса болмок!!! кыздарды туурагандарын бир туугандары корсо кандай ойдо калаар экен ээ...
SUPER.KG видео
07.06.2014. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба уят болуптур
11.06.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким мамилесине карап чакырат окшойт калыстарды, мисалы эрмек нурбаев дайым эле досторун чакыра беретко, Арсен Омар Урматтын сатирага такыр тиешеси жокко мисалга алсак, андан коро куудулдарды чакырса Келдибек Кумондор Абдылда Бороончуларды, сатирага калыс бааларын айтышмак ырчы соройлорго караганда..
SUPER.KG видео
12.06.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнолук стандартка ылайыктуу фигура жок го балдарда???
SUPER.KG видео
21.07.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзалардын фигурасы кыздардыкындайго кантип чыктынар уят эле эми ушул кебетеси мн дуйного барабы кыргызстанды ххх кылатко
Модератор admin_superstan түзөттү 21.07.2014 18:34
SUPER.KG видео
22.07.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shirin_91, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү камтыган билдирүүлөргө тыюу салынган!
2 күн БАН!
Медиа-портал
02.09.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менделе коп соз жазайын дедим дагын банга болуп кетпейин. Ансыз деле копчулук банга болуп кетишиптир.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: