super.kg logo

“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын катышуучуларынын бири таймашууга үч күн гана даярдык көргөн. Бул кырдаал түшүнбөстүктү жаратты (фоторепортаж)

 
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.
Даярдык учурунан.
Калыстар тобу.
"Кыргызстан мырзасы-2013" сынагынын жеңүүчүсү Нурбек Сопуев бул сынакта калыстар тобунун мүчөсү болду.
Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова.
Мырзалар кыздарды туурап, таланттарын калыстар тобуна тартуулоодо.
"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева мырзаларга сыйлык тапшырды.
“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынын жеңүүчүсү Нурсултан Жакыпбек уулу.

Бишкектеги Спорт Ордосунда 29-майда мырзалар арасында “Кыргызстан мырзасы-2014” сынагы өткөрүлдү. Саат 18:00гө белгиленген сынак 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты. Сынакка келген көрүүчүлөр залдын 50 пайызын гана ээледи. Алып баруучулук милдетти Кубат Кубанычбеков аркалады.

Сынакка Бишкек шаарынан жана Ош, Баткен облустарынан келишкен 16 жаштан 26 жашка чейинки 32 мырза катышты. Алар “Мен Кыргызстандын патриотумун”, “Пляждагы вариант”, “Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү”, “Жалпы бий - флешмоб” тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Алгачкы өзүн тааныштыруу тапшырмасында жигиттер толкундандыбы же даярдыгы аз болдубу, арасынан ойлорун айта албай калгандар кезикти. "Кыргызстандын мыкты мырзасы назиктигине карап бааланат" деген пикир жаралсын дешкенби, таланттар сынагындагы "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" номеринде балдардын басымдуу бөлүгү айымдарды туурап чыгышып, келген элди тажатып жиберишти.

Таланттар сынагында оригиналдуулуктун жоктугу уюштуруучу топтун мырзаларга талаптын жумшак коюлгандыгынан кабар берсе, үн аппаратурасынын өчүп калышы, фонограмма менен ырлардын аткарылышы да жакшы пикир калтырган жок.

Көрүүчүлөрдүн маданий иш-чараларда өзүн алып жүрүүсү да көңүл бурдурду. Сынактын соңунда залдын 50 пайызын ээлеген көрүүчүлөрдүн жарымы гана калып, алар да туугандарына кол чаап, калганын тааныбай-көрбөгөндөй түр көрсөтүп, келгендер "маданияттуулугун" көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, 2013-жылы сынакта "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" тапшырмасында жигиттердин кыздарды туурап чыкканы коомчулукта кыжырданууну жаратып, сынга алынган эле. Быйыл да ошол кийим менен ошол эле образды туурап чыгышканы уюштуруу тийиштүү деңгээлде болбой калган деген ойду жаратты. 

Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк аренадагы сынакка көрсөтчү жигиттердин арасында 3 күн гана даярдык көргөн жигиттин катышып жатканы түшүнбөстүктү жаратты. Эми "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, мыкты уюштуруу алыс эмес деп туралы.

Ошентип, катышуучулардын келбетин, талантын, өзгөчөлүгүн белгилүү жүздөр, дизайнер Замира Молдошева, актёр Бектемир Мамаюсупов, ырчы Анжелика, «Кыргызстан КВН» Лигасынын президенти Евгений Акопян жана сынакка колдоо көрсөтүшкөн демөөрчүлөр баалашты.

Сынактын жыйынтыгында 18 жаштагы Нурсултан Жакыпбек уулу жеңүүчү деп табылып, “Кыргызстан мырзасы-2014” наамы ыйгарылды. Ага “Дүйнөнүн сулуу мырзасы” сынагына жолдомо берилди.

Ал эми төмөнкүлөр кийинки орунду багындырышты:

"1-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ильяс Басылбаев;

"2-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ислам Солтобаев;

"3-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Улан Молдошбаев.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстанда бул сынак экинчи ирет уюштурулуп жатат. Былтыр бул сынакта 33 катышуучунун ичинен Нурбек Сопуев аттуу мырза жеңишке жетишкен. 






“Кыргызстан мырзасы-2014” сынагынан репортаж

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(84)
31.05.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Проекттин аталышы кырг-мырзасы экен макул,а тапшырмалары мен аялымды жумшаган эле иштердей го ботом!))))))))
SUPER.KG видео
31.05.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызымдын жигиттери ушундай обу жок иш чараларды айымдарга коюп, аскерге барышса дурус болмок. Конкурска кеткен чыгымды балдар уйуно жумшаса сооп болот эле. Акыл уйротподум))) жеке оюму жаздым. Намысынарга тийсем кечирим сурайм(((.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Катышса катышсын бирок нак еркекче бийлеп ырдап кыргыздын еркектерин корсотпойбу кыздарды туурабай
SUPER.KG видео
31.05.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Сууупер мага абдан жакты'
31.05.2014. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
“жестокие игры“ деген сынак болгондо ушул балдардын бири да келбейт болчу))))
11.06.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
XAKER89, кыздар менен чогу катышырса болот
31.05.2014. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конкурсту уюштуруучулар начар да. Жюрилери ушулар болсо анан кыйраткан конкурс болмок беле? Эптеп-септеп эле откоргончо жон эле коюшса болмок экен.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jerde kop jaman jazgan commentariylerdi baldar ele jazgan go... ^_^ podgotovka jakshy bolboi kalyptyr birok jylysh bar eken!!! Uyushturuchularga yigili kaalaibyz!!! Jenuuchu chyn ele krasavchik eken))) molodec!!!
SUPER.KG видео
31.05.2014. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул жигиттерибиз катышпай эле койбоптур. Эркек болгон сон эркек че эле журбойсунорбу
31.05.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкасын кылса да кыздарды туурабай эле койсо болмок, уюштуручулары башка номер ойлоп табалбай койгон го.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ужас эркектер кыздай болуп кийингенин качан токтотот!!!!
SUPER.KG видео
31.05.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
аллергия.....-10
SUPER.KG видео
31.05.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эркектей болуп катышса болмок экен.Кыздарды туурап кийинип чыгышканы адамдын кыжырын келтирет.Женичууго ийгилик.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар эркек эмес чыныгы супер мырзалар кыргызда башка кыздардан деле отуп кетиптирго булар
SUPER.KG видео
31.05.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dagy kosting kachan bolot aityp bere alasyzdarby suranych?
SUPER.KG видео
31.05.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туууй ата бул кылганынар эч кимге жакпатыр и мага дагы вообще. Эркек эркек эле болуш керек да мени атам катыш десе да катышмак эмесмин
SUPER.KG видео
31.05.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ужас... не позорились бы. Анан кыздар эмнеге башка улуттун балдары менен журот деп коюшат дагы :)
SUPER.KG видео
31.05.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
дуйнолук конкурска барбай эле койсо болот Кыргызстанды уят кылып
SUPER.KG видео
31.05.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Денелерине аябай майды чаптаптыр го! Же жылтырак пакеттерден орогонбу! Эмне балдарга кыздардын кийинмин кийип туурагандан башка онорлор калбаптыр, толтура онор деген. Эркек болгон сон эркекче онорлорду коргосузсо болмок. Туур -туура десе эле кыздардын кийимин кийип чыга калышат.ю негизи уятда ! Логику включите!
SUPER.KG видео
31.05.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыздарды тууратып эмне максат менен койду ? же ойлоп жатышатго Кончито женди , ошентип коруш керек деп. Уят коруп алып иренжип кеттим.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстан мырзасы деп аталгандан кийин, чыныгы мырзага жарашкан (эркекче) онорлор (номерлер) толтурагоо кыргызымдын жигиттери уят....
SUPER.KG видео
31.05.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздарды туураган номери жакпады,калганы норм эле.
SUPER.KG видео
01.06.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кантет булар бир да номери татыктуу эмес 32 бала бийлегеничи баары улуттук кийинип кара жоргого бийлешип анан кыргызча онорлорун коргосо болмок уят эле
SUPER.KG видео
01.06.2014. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен коргон деле жокмун.
Кандай тупой адамдар ушул тупой конкурсту ойлоп таап, ага спонсор болушту? ошону эле жазсанар/
SUPER.KG видео
01.06.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят каяак баратабыз
SUPER.KG видео
01.06.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шерменделер!!!!!!!!!!!!!!!!
01.06.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо да бул сынак биринчи болуп жаткандыктан жакшы деп бааласа болот. Кыргызда коч бара бара тузолот деген кеп бар го
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
no comment
02.06.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бир нерсеге тан калам бишкекте кайсы конкурс болсо анжелика айым ошол жакта.башка деле анжеликадай айымдарыбыз бар го а жанагы салам ньюорктогу бала кинодо тартылбаса ал жюрилердин катарын толуктамак эмес .........
SUPER.KG видео
02.06.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зачем унижать??? я очумела ))))бирок минустарын ондоп профиль кылышса болмок...Элдин оощуна ээ болгондоруна карабай конкуоска катышкан мырзалар азаматсынар! Уюштуруучуларга албан албан ийшилик жана ктанын устунон иштоо демекчимин
SUPER.KG видео
02.06.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ата-энеси да колдоп келсе керек буларды. Эмне кыздардын номеринен башка жок калдыбы? Мисалы: Курош, гиря которуу, кол курош сыяктуу эркектин мунозуно ылайыктуу оюндарды кылса болмок. Казакстанда "жигиттин султаны" деген телепрограмма откон. Ошону коруп сабак алгыла. Чыныгы эркек эмне кылуу керек экенин а юбка кийбей.
Модератор admin_media түзөттү 02.06.2014 10:30
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: