super.kg logo
  Спорт  

“Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” республикалык мелдеши башталды (фоторепортаж)

 
“Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” республикалык мелдеши дал ушундай эле ураан алдында өтөт.
Мелдештин салтанаттуу ачылышынан...
Мелдештин салтанаттуу ачылышынан...
Баткен курама командасы...
Талас курама командасы...
Мелдешке көптөгөн күйөрмандар күбө болуп жатышат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Болот Мотукеев сөз сүйлөдү.
Мелдешке республиканын бардык жагынан келген спортчулар катышууда.
Мелдешке республиканын бардык жагынан келген спортчулар катышууда.
Мелдешке республиканын бардык жагынан келген спортчулар катышууда.
Салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев да катышты.
2-июнга чейин созула турган мелдешке ар бир курама команда жоон топ менен келди.
2-июнга чейин созула турган мелдешке ар бир курама команда жоон топ менен келди.
Салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев да катышты.
Салтанаттуу ачылыш аземинен...
Күйөрмандар...

Кечээ, 29-майда Каракол шаарынын спорттук базаларында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу айылдык жаштар арасындагы массалык спорт түрлөрү боюнча мелдеш башталды. Мелдешке республиканын бардык аймагынан келген 500дөн ашык спортчу күч сынашат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, мелдештерди улуттук жана эл аралык даражадагы 77 калыс тейлеп жатат. Массалык спортту жана дене тарбиялык машыгуулардын сапатын жогорулатуу, спорттук техникалык базалардын абалын жакшыртуу, коомдогу алкологизм, наркомония сыяктуу терс көрүнүштөр менен күрөшүүнү күчөтүү жана Каракол шаарынын 145 жылдык мааракесин татыктуу белгилөөгө арналган мелдештин программасына ордо, күрөш, волейбол, футбол, тогуз коргоол, жеңил атлетика, кол күрөш спорт түрлөрү киргизилген.

Республикалык мелдеш жыл сайын үч этапта өткөрүлүп келет:

I этап – мелдештер райондордо айыл өкмөттөрдүн арасында үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөрүлгөн;

II этап – облустарда райондор арасында май айында өткөрүлгөн;

III этап – финалдык мелдештер Каракол шаарында 28-майдан 2-июнга чейин өтөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: