super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында каза болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам катары 100 миң сом бөлүп берди

 

Бүгүн, 12-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында кылмышкерлердин огунан каза тапкан милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө жардам катары 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.  Милициянын полвониги, түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Т.Шоноев 11-январь күнү кечинде, үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетип каза болду. Учурда бул кылмыш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: