super.kg logo

Жалал-Абаддагы район-шаарларда Балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп жатат

 

Бүгүн, 30-майда Жалал-Абад облусундагы бардык район-шаарларда жана айыл аймактарында 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул күндү белгилөө жана облустун аймагындагы балдар тарбияланып жаткан ар бир социалдык колдоого муктаж мекемелерге жакындан жардам көрсөтүү максатында 15-майдан тарта 15-июнь күнүнө чейин «Биз биргебиз» аттуу кайрымдуулук акциясы жүрөт.

Ошондой эле өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Балдарды коргоо күнүнө карата өз резервдик фондунан 6 балдар үйүнө 45 миң сом акча каражат бөлүп берсе, облустун аймагындагы ишкана-мекемелер, эл аралык уюмдар жана жеке инсандар өз каражатынын эсебинен жардамга муктаж мекемелерге ар түрдүү жардамын көрсөтүшүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: