Ош шаарынын ИИББи жарандарды полковник Т.Шоноевдин өлүмүн ачууда кызматташууга чакырат. Ишеним телефону иштей баштады
Ош шаарынын ИИББи жарандарды Түштүк аймагы жана Ош шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Т.Шоноевдин өлүмүнүн бетин ачууда жарандарды кызматташууга чакырат. 11-январь күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда өз үйүнүн алдында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Окуяга байланыштуу Ош шаарынын ИИББи жарандардан бул оор кылмыштын бетин ачууда кызматташууну суранат. Бул кылмыш боюнча кандайдыр фактыны билген жарандарды 0 3222-5-71-81 же 102 ишеним номерине билдирүүнү өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.