super.kg logo

Оштогу университеттердин бири Кытайдын "Guilin" мамлекеттик технологиялык университети менен кызматташат

 

Бүгүн, 30-майда Ош технологиялык университетине Кытайдын "Guilin" мамлекеттик технологиялык университетинен өкүлдөр келишти. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ага "Guilin" мамлекеттик технологиялык университетинин Эл аралык борборунун директору, ички байланыштар боюнча проректору, профессор Чен Винган жана чет элдик студенттер менен иштешүү борборунун жетекчиси Ма Вингин катышты.

Келген коноктор алгач ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, маек курушту. Андан соң ОшТУнун структуралык жетекчилери жана декандары менен жолугушуп, "Guilin" мамлекеттик технологиялык университети тууралуу кенен маалымат берип, окуу жайдагы билим берүүнүн инновациялык технологиясы жана методикасы тууралуу айтып берди.

Келген коноктор окуу жайдын материалдык техникалык базалары менен таанышып чыкккан соң “Силердин окуу жай даярдаган адистиктер биз даярдаган адистиктерге окшош экен. Эми мындан ары эки окуу жайдын достугун бекемдеп, силер менен кызматташууга биздин окуу жай кызыкдар” дешти. ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов келген коноктордун башына кыргыздын ак калпагын кийгизип, ыраазычылык айтып, эми мындан ары Ош технологиялык университети "Guilin" мамлекеттик технологиялык университети менен терең кызматташарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.05.2014. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшТУ алга !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: