super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Абдулда Суранчиев Алайда жолдун тосулушунан ишкерлер ири чыгашага дуушар болгонун айтты

 

Алайда митингчилер менен тосулган Ош - Эркеч-Там жолун ачтыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Министр 2 боз үй тигилип, жолду 50дөй митингчи тосуп турганын айтты.

Буга байланыштуу 15 протокол түзүлүп, кылмыш иши ачылды. Жол тосуу - маселени чечүүчү ыкма эмес. Кырдаалга көпчүлүк нааразы. Үч күндүн ичинде жүк ташуучу унаалардын ээлери чоң чыгымга дуушар болушту. Маалыматка караганда, жол тосуудан келтирилген чыгымдын 12-20 миллион сомго чейин жетти”,- деди Суранчиев.

Эскерте кетсек, Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 3 күндөн бери Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: