super.kg logo

"Ош базарында" Салык инспекциясы жүргүзгөн рейд боюнча маалымат алдын ала билинип калгандыктан, айрым объектилер жабык болду (фоторепортаж)

 
Салык инспекциясынын рейди Ош базардагы "Берекет" соода рыногунда башталды.
"Берекет" кич базарында мыйзам бузуучу болуп эсептелинген жайдын ээси жок болду.
Рейддин жүрүшүнөн...
Рейддин жүрүшүнөн...
"Ала-Арча" кич базарындагы арак ичимдиктерди аныкталган чекене баадан арзан сатып жаткан жайдын ээси.
Сүрөттөгү арак Өкмөттүн токтому менен аныкталган чекене баадан арзан сатылууда.
Рейдде көп инспекторлор жана журналисттер катышкандыктан базарда тыгым жаралды.
Салык инспектору азык-түлүк сатуучу жайдын ээсине арак ичимдиктерди сатууга лицензияны кандай алуу керек экендигин түшүндүрүүдө.
Рейддин жүрүшүнөн...
Сатуучу керектүү документтерди издөөдө
Салык инспектору документтерди текшерүүдө
Бул айымдын жанында арак жана спирт ичимдиктерди сатууга лицензиясы жок экени аныкталды.

Бүгүн, 30-майда Бишкектин "Ош базарындагы" “Берекет” жана “Ала-Арча” рынокторунда КРнын Салык кызматынын инспекциясы мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктери боюнча рейд жүргүздү. Ага журналисттер катышып, алардын арасында SUPER.KG порталынын кабарчысы да болду.

Рейд “Берекетте” башталып, бул жерде “бир нече жолу укук бузуп алкоголдук ичимдик саткан” деп эсептелген жайлар жабык болгону таң калтырды. Демек, рейд жөнүндө маалыматты кимдир бирөө алдын ала билдирген. Ошентип, “Берекет” рыногунда мыйзам бузуучуну колунан кармоого мүмкүн болбоду.

Андан соң салык инспекторлору жана журналисттер “Ала-Арчага” жөнөштү. Рейд жөнүндө маалымат бул жакка жетпей калганбы, айтор, алкоголдук ичимдиктерди сатуучу эки жайдын ээлери бар болду. Аракты аныкталган чекене баадан төмөн баа менен саткандыгы үчүн аларга административдик чара каралат.

“КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, арактын жарым литринин эң арзан чекене баасы 70 сомго барабар. Ал эми колго түшкөн сатуучулар аракты 60-65 сомдон сатып жатышыптыр. Мындан тышкары алардын бирөөсүнүн жанында алкоголдук ичимдиктерин сатууга лицензиясы жок экени белгилүү болду,- деди КРнын Салык кызматынын ага салык кызматчысы Алмаз Мамбетов






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак чыгарганга ,сатканга,ташыганга,ичкенге, Аллах Таалам Каргыш болсун деген экен !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: