Каракол шаарында ички каттамдагы маршруттарга жол кирени көтөрүү демилгеси көтөрүлдү
Каракол шаардык мэриясында бүгүн, 30-майда маршруттук каттамдардын жол киресин 7 сомдон 10 сомго чейин көтөрүү боюнча коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү аймакта күйүүчү майдын баасы 40 сом 70 тыйынды түзүүдө. Айдоочулар үчүн кыйынчылык жаралып жаткандыгын маршруттук таксилердин айдоочулары айтышууда.
Каракол шаарынын Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасы шаардын тургундарын 1ден 13кө чейинки маршруттук линиясы менен тейлейт. Күнүгө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 55 кичи автобус иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
lily27

30.05.2014. 17:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Караколго 10 сом коптук кылат, эл аран жашап атканда. Каттамдары алыс деле эмес 7 сом эле туура!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.