Чүй районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар баланын сөөгү табылды
Чүй районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 30-май күнү 3 суучул жана туугандарынан 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Ошол күнү сууга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси талаа иштерин кылып жүргөн Бакыт аттуу жаран тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Эске сала кетсек, 25-май күнү саат 18:55 чамасында Чүй районунун Дөң-Арык айылында 2007-жылы туулган Бекжан Жапаров Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Ошол убактан бери издөө иштери жүргүзүлүп келген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
AZAMAT555

01.06.2014. 18:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун ата энесине сабыр берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.