Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкери пара бергендиги үчүн кармалды
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү иштеринин жүрүшүндө аталган башкармалыктын жетекчиси тарабынан автотранспорт сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган. Бул ишти жабыш үчүн 1000 доллар пара берип жаткан жеринен О.Т. аттуу жаран кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.