Ош. Чоң-Алай районунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тушоо кесүү уюштурулду
Чоң-Алай районунда 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоо жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда райондук администрациянын социалдык секторунун жетектөөчү адиси Сапура Мамытова билдирди.
Маалым болгондой, райондогу 12 бала бакчада балдардын майрамдык концерттери өткөрүлүп, белектер тапшырылды. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан 12 бакчага 12 килем, “Кабык” балдар бакчасынын айланасына тосмо курулуп берилди.
Ал эми райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата улуттук каада-салтты даңазалоо максатында беш бөбөктүн тушоосун кесип, алдыда келген балдарга баалуу белектерин тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.