“Дордой” атаандашы “Манас” клубун 8:0 эсебинде утту

Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги – ТОП-Лиганын экинчи айлампасынын алгачкы оюнунда бишкектик “Дордой” кечээ, 1-июнда “Манас” клубу менен кез келип, 8:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, “Дордой” ушуну менен сезондогу 8 оюнунда 21 упай топтоп, мелдеш жадыбалында 2-орунга көтөрүлдү ("Алгадан" кийин). Ал эми “Манастын” оюнчулары сезондо өткөргөн 10 оюндун баарында жеңилүү ызасын тартып келишет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.