Ала-Бука районунда жааган жамгырдын жана катуу сууктун айынан 150 баш кой өлдү
Ала-Бука районунда жааган жамгырдын жана катуу сууктун айынан 150 баш кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 31-май түнү Чоң-Таш жайлоосуна койчу Турдамамат Ажиматов 3 жардамчысы менен жергиликтүү тургундардын 800 баш кой-эчкисин айдап кеткен. Көк-Алма ашуусунда жааган жамгырдын, мөндүрдүн жана сууктун кесепетинен 150 баш кою өлүп, 60 баш кой-эчкиси жоголгон. Кечээ, 1-июнь күнү жергиликтүү тургундардан 4 атчан адам азык-түлүгү менен жөнөп кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.