super.kg logo

Жалал-Абад. «Балдар - өлкөнүн келечеги» деген аталышта футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

 

31-майда Сузак райондук ички иштер бөлүмү демилге көтөрүп, 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата         «Балдар - өлкөнүн келечеги» деген аталышта Сузак районунун Барпы атындагы айыл округунун жетекчилери  менен биргеликте футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Сузак району боюнча 12 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду Барпы айылынын «Жаңы-Айыл»  командасы камсыз кылды. 2-орунду Кызыл-Туу айыл округунун «Кызыл-Туу» командасы ээлесе, 3-орун Көк-Жаңгак шаарынын «Көк-Жаңгак» командасына тийди. 

Мындан сырткары ардагер спортчуларга, айырмаланган оюнчуларга Сузак РИИБинин башчысы, милициянын подполковниги Нурбек Жаныбеков ак калпактарды кийгизип, баалуу белектерди тапшырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: