КРнын Президенти: "Кыргызстандын келечеги баарыбыздын башыбызды кошту"
"Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы" сөзсүз ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем. Анткени элдин элегинен өтүп, эч кимди кайдыгер калтырган жок",- деди президент Алмазбек Атамбаев. Ажо бул стратегияны талкуулоого активдүү катышып, жарандык позициясын көрсөткөнү үчүн коомчулукка ыраазычылык билдирди."Кыргызстандын келечеги баарыбыздын башыбызды кошту. Стратегияга мазмундуу сунуштарды айтканы үчүн Парламенттик көпчүлүктүн төрагасы Феликс Куловго, "Ата Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевге, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ыраазычылык билдирем",- деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

