super.kg logo

Ош. Өзгөндө коомдук-саясий абал жана митинг, пикеттердеги мыйзамдуулукту сактоо боюнча маселелер талкууланды

 

31-майда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында элдик жыйын болуп өттү. Анда коомдук-саясий абал жана митинг, пикеттердеги мыйзамдуулукту сактоо боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда райондук администрациядан Акылбек Абдрахманов билдирди.

Ага Өзгөн районундагы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, жетекчилери, айыл башчылары, мектеп директорлору, коомчулуктун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Андагы катышуучулар саясатчыларга кайрылуу жасашты. Анда “Акыркы жылдары митингдердин, пикеттердин катышуучуларынын жол тосуулары, мыйзамсыз аракеттери мамлекеттин пайдубалы болгон экономикасына, кызуу жүрүп жаткан жазгы талаа жумуштарына тоскоол болууда” деп жазылат. Ошондой эле сабырдуулук принцибинин негизинде мүмкүн болгон социалдык чыңалууларды жана чыр-чатактарды азайтууга коомчулук жана бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргеликте өз аракеттерин күчөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Ошону менен катар митинг, пикеттер мыйзам чегинде өтүүсү зарыл. Жол тосуу жана башка массалык баш аламандыктар мамлекетибизге, калктын калың катмарынын айыл чарба, экономикалык өз ара аракеттерин жүргүзүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.06.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тартиптуу болуп корунбой эле койгула, ХХХ ХХХ ХХХ... Кар жаады-из бастыбы?
Модератор admin_portal түзөттү 02.06.2014 10:38
02.06.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nursyi - эскертүү!
Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: